Милдет
Милдет — көп тармактуу клиниканын кардарлары үчүн жаңы жана маалыматтуу сайт түзүү. Сайт заманбап көрүнүшү, бирок ошол эле учурда пациенттер үчүн жөнөкөй болушу керек эле. Сутканын каалаган убагында маалыматка жана онлайн жазылууга жеткиликтүүлүк берүү өзгөчө маанилүү болгон. Эң негизгиси — пациенттер каалаган маалыматты ала турган ыңгайлуу, көп функциялуу жана маалыматтуу веб-сайт түзүү.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү
Веб-сайтта ар түрдүү медициналык адистиктер, жеткиликтүү дарылоо ыкмалары жана маанилүү алдын алуу чаралары жөнүндө кеңири маалымат бар. Түзүүдө негизги көңүл ыңгайлуу навигацияга, кабыл алууга онлайн жазылуу мүмкүнчүлүгүнө жана пациенттер үчүн пайдалуу маалыматтык материалдарды берүүгө бурулат.
Иштин этаптары:
Аналитика
Кардарларыбыздан тапшырма алгандан кийин биз компанияны жана анын өзгөчөлүктөрүн кылдат талдоого киришебиз. Келечектеги сайтка интеграцияланчу негизги аспектилерди кеңири изилдеп, аныктайбыз. Чогултулган маалыматтарга таянып, иш-аракет планын иштеп чыгабыз жана ар бир мүчө долбоорго натыйжалуу салым кошо алышы үчүн тапшырмаларды командабыздын ортосунда бөлүштүрөбүз.
Дизайн
Буйрутмачы бизге фирмалык стилди колдонуу эрежелери бар гайдбукту берди жана биз иште аны кылдат карманганбыз. Дизайнды иштеп чыгуу процессинде итеративдик мамилени колдондук: адегенде прототиптерди түзүп, андан кийин компоненттерди жана макеттерди иштеп чыгууга киришкенбиз. Мындай мамиле натыйжаларды буйрутмачыга ыкчам көрсөтүүгө жана ошол эле учурда тиркеменин флоусу жана дизайны боюнча жалпы көз карашты сактоого мүмкүндүк берди.
Иштеп чыгуу жана тестирлөө
Учурдагы Backend'ден API алаар замат Frontend иштеп чыгууга киришкенбиз. Долбоордун масштабдалуучу архитектурасын иштеп чыктык. Тез тестирлөөнү жана жөндөөнү камсыз кылуу үчүн бардык өзгөртүүлөрдү этап-этабы менен тесттик стендге чыгарып, аларды Буйрутмачынын жумушчу серверине мүмкүн болушунча тез жеткирүүгө аракет кылдык.
Жыйынтыктар
300дөн ашык медициналык кызматкер
5000ге жакын медициналык кызмат
Пикир
«Жоопкерчилиги жана креативдүүлүгү үчүн «Alfa Team» командасына ыраазычылык билдиребиз. Жаңы сайтыбыз бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болуп калды. Силерди ишеним менен сунуштайбыз!»
